• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Каралаев көчөсүндө оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы Саякбай Каралаев көчөсүндө Куттубаев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштерин аяктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган 1650 метрлик бөлүккө асфальт төшөлмө толугу менен төшөлүп, белгилер коюлуп, жол белгилери орнотулуп, туурасы 2,25 метр тротуарлар оңдолду.

“Бүгүнкү күндө жол боюндагы курулуш таштандылары чыгарылууда. Жакында "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу иштерин башташат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жол иштери КЭР грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун биринчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий