• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте карантин узартылбаса биринчи кезекте кимдерге иштөөгө уруксат берилет? – коменданттын жообу

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 30-апрелден кийин карантин узартылбаса кайсы ишканаларга, кимдерге иштөөгө уруксат берилет деген суроого жооп берди.

"Биринчи кезекте жарандар күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданышы керек. Алар курулуш, ТТС, такси. Бирок алар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы зарыл. Бир таксиде 2ден ашык жүргүнчү болбошу кажет. Өз убагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандар беткап тагынып, ортодогу аралык сакталышы абзел. Коюлган талаптар аткарылбаган учурда мыйзам чегинде жарандарын жоопкерчилиги каралат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий