• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди. Кайсы көчөлөр жабык болот?

Коом 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал шаардын көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, карантиндик аймак түштүк тарабынан Аалы Токомбаев, Жайыл Баатыр көчөсү, түндүк жагынан Чоң Чүй каналы, чыгыштан Чолпон-Ата көчөсүнө жана батыш тарабынан Дооронбек Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө чейин кеңейтилгенин билдирди.

"Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу карантиндик аймактын жаңы бөлүгү жана мурда жабылган бөлүгү автоунаалар жана адамдар үчүн жабык болот", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий