• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте каратэ-до боюнча шаардын биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда каратэ-до (Шотокан) боюнча шаардын биринчилиги өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен билдиришти.

Спорттук оюндун максаты – Бишкек шаарында Шотокан каратэ-дону жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын пропагандалоо, спортчулардын чеберчилигин жана калыстар корпусунун даярдык деңгээлин жогорулатуу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо болуп саналат.

Татамиге ката жана кумитэ программаларында 15 командадан 400дөн ашык жаш спортчу чыкты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Бишкек шаарынын Бишкек Skif Chyi клубу (32 алтын, 26 күмүш жана 26 коло медаль);

2-орун – Бишкек Шотокан каратэ-до федерациясынын командасы (24 алтын, 15 күмүш жана 8 коло медаль);

3-орун – Бишкек шаарынын Keihatsu Karate Club командасы (11 алтын, 11 күмүш жана 15 коло медаль).

Пикир

Оставить комментарий