• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кармалган карышкыр адамдын колунда багылып келген – "Бугу Эне" фонду

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кармалган карышкыр "Бугу Эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.

Фонддон белгилешкендей, ал 8-9 айлык ургаачы карышкыр экен.

"Ал агрессивдүү эмес экен. Бирок тиштеп алышы мүмкүн. Өтө коркуп калган. Ал бөлтүрүк кезинен адамдын колунда багылып келген. Жоголуп кеткен болушу мүмкүн", - деп билдиришти фонддон.

Ветеринарлар ага седация жасап, текшерип, канын анализге алышкан.

Эскерте кетсек, ал карышкыр бүгүн №41 орто мектептин жанында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий