• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май акимиаты жашы жете элек өспүрүмдөрдү ишке тартуунун алдын алуу, кайыр сураган жашы жете электерди аныктоо максатында пландуу рейд өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер башкармалыгы жана МАБ менен биргеликте өткөрүлдү.

Рейддин алкагында борбордук көчөлөр, жер астындагы өтмөктөр, аянттар жана сейил бактар, "Азиз", Сары-Өзөн", "Кудайберген" базарларын кыдырып, текшерүү жүргүзүлдү.

Натыйжада жашы жете элек 5 бала иштеп, үчөө кайыр сурап жүргөнү аныкталды.

Ата-энелик милдетти туура аткаруу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 3 миң 142 бала каттоодо турат, анын ичинен 336сы оор турмуштук кырдаалда, 78 жөлөкпул категориясында, 25 жетим, 481 жарым жетим, 853 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1 миң 369 аз камсыз болгон балдар.

Пикир

Оставить комментарий