• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган же иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны акимчилик, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык кызматкерлер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү борборунун өкүлдөрү өткөрүүдө.

Натыйжада кайыр сураган 22 чоң адам жана 1 жашы жете элек өспүрүм аныкталды.

Орто-Сай базарында атасына тамак-аш сатууга жардам берген бир өспүрүм аныкталды. Социалдык кызматкерлер ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул үй-бүлөнү көзөмөлгө алышкан.

Пикир

Оставить комментарий