• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте каршы тилкеге чыккан Mercedes эки автоунааны сүзгөн, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бишкекте үч автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 09:00дө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа Элебесов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, көпүрөдөн каршы тилкеге чыгып, "Хонда Фит" жана "Лексус" үлгүсүндөгү автоунааларды сүзүп алган.

Жол кырсыгынан үч жаран жабыркагандыгы айтылууда.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий