• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кары адамдардын өз ара жардамдашуу тобунун “Алтын курактагы шыктануу” аттуу чыгармачыл фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. А.Осмонов атындагы улуттук китепканада 2017-жылдын 25-февралында кары адамдардын өз ара жардамдашуу тобунун “Алтын курактагы шыктануу” аттуу чыгармачыл фестивалы өтөт.

PR-адис Рахат Абдыхаликова билдиргендей, иш-чара “Карылар КР тарыхый-маданий мурасын алып жүрүүчүлөр” долбоорунун алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин көмөгүндө өтөт.

Долбоордун максаты – карылардын социалдык-маданий шарттар менен камсыз болуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, КРнын кары адамдарынын өз ара жардамдашуу тобунун чыгармачылык жана потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачуу.

Долбоорду ишке ашырууунун алкагында Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы өз ара жардамдашуу тобунун өкүлдөрүнөн турган 10 чыгармачыл топ түзүлгөн. Алар улуттук кулинария, фольклор жана улуттук кол өнөрчүлүк багыттары таланттарын тартуулашат. Отчеттук фестивалдын жыйынтыгында алар өз таланттарын кеңири аудиторияда көрсөтүшөт. Иш чарага 200дөн ашык карылар катышат.

Пикир

Оставить комментарий