• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте карылар клубу ачылды

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектин активисттери “Жаш жүрөк” карылар клубун түзүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, алар кары адамдарга жолугуп, аңгемелешип, бош убактыларын бирге өткөрүүгө шарт түзүшөт.

Долбоордун алкагында Бишкекте 2-июлда клубдун биринчи мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү. 50 дөн ашык адам кинотеатрга атамекендик тасмаларды көрүүгө чогулушту.

Иш чаранын негизги максаты – улгайган курак жана пенсияга чыгуу өзүнө көңүл буруунун, хобби менен алектенип, кызыгууларын ишке ашырып, дос-тааныштарын көбөйтүү мезгили боло тургандыгын жеткизүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий