• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте карылар маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан калкынын картаюсу боюнча улуттук изилдөөнүн аналитикалык отчету талкууланган тегерек үстөл өтүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрликтердин жана введомстволордун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык сектор өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстанда картаюуну изилдөө долбоорунун координатору Бурул Сүйүналиеванын айтымында, республикада картаюу процессин изилдөө улгайган жарандардын көп сандаган маселелерин аныктап чыккан.

“Улгайган адамдардын ишке орношуусу, пенсия менен камсыздалышы, социалдык жана медициналык тейлөө маселелери аныкталган. Булар менен катар үй-бүлөнүн ичиндеги көйгөйлөр, карыларга катуу мамиле кылуу белгиленген. Көптөр бул тууралуу сөз кылбаганы менен, зордук-зомбулук бар. Ошондуктан үй-бүлө институтун жакшыртуу боюнча иштөө керек”, - деп белгиледи Б.Сүйүналиева.

Ал карылардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн улгайгандарга көп жактуу колдоо көрсөтүү боюнча комплекстүү программа зарылдыгын кошумчалады.

Изилдөөнүн отчетунда акыркы 5 жылда 3-жаш курактык топтун, тактап айтканда, эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын санынын өсүшү байкалгандыгы белгиленген. 2012-жылы расмий маалыматтар боюнча карылар 366,8 миң адамды (6,61%) түзсө, 2016-жылы алардын саны өлкө калкынын жалпы санынан 425,9 миң адамга же 7,07%га жеткен.

Улуттук изилдөө БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча Департаментинин техникалык колдоосу менен өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий