• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте карыларды депрессиядан куткаруу боюнча акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Эртең Бишкекте улгайган курактагы адамдардын депрессия тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине акциянын уюштуруучулары билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө “Кант диабетин алдын алуу жана өз алдынча көзөмөлдөө” долбоорунун жана “Карылар аракеттерди талап кылат” Бүткүл дүйнөлүк кампаниясынын алкагында дүйнөнүн 40 өлкөсүндө депрессия тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жана аны алдын алууга, ошондой эле негизги жугуштуу эмес ооруларды, анын ичинде кант диабетин алдын алууга багытталган бир катар иш-чаралар өтөт.

Кыргызстанда иш-чараны Карылардын ресурстук борбору, АДРА-Кыргызстан, Кыргызстандын Диабеттик жана эндокринологиялык ассоциациясы, КР Кызыл Жарым Ай коому жана ХэлпЭйдж Интернешнл уюштурууда.

Уюштуруучулар маалымдагандай, Бишкекте бул иш-чаралар эки баскыч менен өтөт. Саат 10:00дөн түшкө чейин “Достук” мейманканасынын “Империал” жыйын залында “Депрессия – кел сүйлөшөбүз” деген темадагы тегерек үстөл өтөт. Ага ССМнын жана “КРда кант диабетин алдын алуу жана өз алдынча көзөмөлдөө” долбоорунда иштеген карылардын өкүлдөрү катышат. Андан соң акция Ч.Айматов атындагы Орус драма театрында уланып, депрессия жана аны алдын алуу, негизги жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу тууралуу лекциялар окулат. Акция активдүү мелдештер менен коштолуп, катышуучуларга атайын байгелер каралган.

Пикир

Оставить комментарий