• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Карылардын эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бишкекте Карылардын эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө.

Бир айлыкты Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү!" урааны астында өткөрмөкчү.

Бул мезгилде шаардык саламаттык сактоо уюмдары оор турмуштук кырдаалга туш болгон, баш калкалоочу жайларда жана интернаттарда жашаган улгайган адамдарды акысыз терең медициналык кароодон өткөрүшөт. Алар көрсөтмөлөр боюнча кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча дары-дармектер менен камсыздалышат.

Улгайган курактагы оор абалдагы, баса албаган жана узак мөөнөттөн бери ооруп жаткан бейтаптардын үйүнө барып медициналык кароолорду уюштуруу, стационардык дарылоого муктаж карыларды өз убагында ооруканага жаткырууну камсыздоо уюштурулган.

Ошондой эле улгайган адамдарга мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт: ооз көңдөйүн санациялоо, протездерди акысыз оңдоо, кымбат эмес материалдардан жасалган протездер менен протездерди даярдоо.

"Иш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 "Кыргыз Республикасында балдарды, карыларды жана майыптарды коргоо боюнча эл аралык күндөрдү жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле улгайган адамдарга, жалгыз бой карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карылар үчүн карылар үйлөрүндө жана “Коломто” кайрымдуулук үйүндө жашаган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлөт", - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий