• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бишкекте катталган ири өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.21. /Кабар/. Бишкекте катталган ири өрт чектөөгө алынды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Ленин районунун Жумабек көчөсү №215 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 3 өрт өчүрүү бөлүм, 1 автошаты, 1 АКП, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

ӨКМден жалпы 6 атайын техника тартылды. Ошондой эле Штаб, ККББдан ыкчам топ, Газ чарба кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 2 бригада, ИИМ кызматынан 20 кызматкер, 4 экипаж тартылган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт саат 22:41де чектөөгө алынды. Учурда өрттүү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий