• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте катталган жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Ак-Ордо жаңы конушундагы Гагарин - Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 11-февралда болжол менен саат 22:00дө болгон.

«Ниссан» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 31 жаштагы Х.О., аттуу киши карама-каршы тилкеге чыгып, 19 жаштагы М. уулу Т., башкарып келе жаткан «БМВ-523» автоунаасы менен кагышкан.

Кырсыктан эки айдоочу жана эки жүргүнчү алган жарааттан улам жеринде каза болгон. Маркумдардын бири 19 жашта болгон, калгандарынын өздүгү такталууда.

Андан тышкары, эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий