• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте катталган жол кырсыгынан тез жардам унаасынын айдоочусу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Бишкектеги үч унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынан тез жардам унаасынын айдоочусу жабыркаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Фрунзе/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын - тез жардам унаасынын, "Мерседес Бенц" жана "Субару Форестер" үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын маалыматы боюнча, кырсык саат 8:30дар чамасында катталган. Тез жардам унаасы түндүктү карай бара жатып “Мерседес Бенц” менен сүзүшүп калган. Андан кийин “Субару Форестер” келип “Мерседести” сүзгөн.

Кырсыктан жаракат алган тез жардамдын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Баардык унаалар атайын айып төлөөчү жайына жеткирилип, учурда экспертизалар дайындалып, кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий