• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте катуу сабалган эки адамдын бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бишкекте эки адамды катуу сабап кетишкен, бирөө каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун түнү жеке ооруканалардын бирине эки адамды алып келишкен.

Маалым болгондой, аларды катуу сабап кетишкен. Бирөө каза болду, экинчисинин абалы оор.

Алдын ала маалыматка караганда, экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары каттоодо турган.

Пикир

Оставить комментарий