• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте каза болгон чет элдик: Милиция окуянын кандайча болгонун айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Ички иштер министрлиги кыргызстандык жаран Нигериянын жаранына эмнеге кол көтөргөнүн айтып берди.

"Кабар" агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдиргендей, алардын ортосунда кокустан чыр чыгып кеткен.

Анын айтымында, Cambridge School Bishkek тил мектебинин негиздөөчүсү Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакар менен кармалган К.Э. мурда тааныш болгон эмес. Экөө "Айчүрөк" соода борборунун кире беришинде жолугушуп, түртүшө кеткен.

"Алар кокус жолугушуп, түртүшө кеткен. Сөздөн-сөз чыгып чыр учурунда бала уруп жиберген. Ал каракуш мээ менен кулап түшүп, жаракат алган. Тилекке каршы ал ооруканада каза болду", - деди ал.

Сейитов чыр расалык себептен болбогонун билдирди.

Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ал аяктаганда сотко жиберилет.

Белгилей кетсек, аталган кылмышка шектелип 22 жаштагы бала кармалган.

Тил мектебинин расмий баракчасында айтылгандай, Cambridge School Bishkek мектебинин негиздөөчүсү Али Тижжани Абубакар бүгүн, 5-июлда Бишкекте жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий