• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата чоң программадагы концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата “Миң таазим Абай акынга” аттуу чоң программадагы концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанатка Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов, элчиликтер, белгилүү коомдук ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Иш- чарага ардактуу конок катары Өзбекстан Республикасынын маданият министрлигинен министрдин орун басары Олимжон Мирзаев да катышты.

Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин өмүр жолуна токтолуп, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда да белгилүү экендин айтып, күнү бүгүнкүдөй кыргыз сахналарында анын сыяларынан жаралган ырлар жаңырып жаткандыгын кошумчалады.

Андан соң сөз КР президентинин аппарат жетекчиси С. Касмамбетовго берилип, президент Садыр Жапаровдун Абай Кунанбевдин 175 жылдыгына карата куттуктоосун окуп, Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкуловага тапшырды.

Ал эми өз кезегинде Казакстандын маданият министри Актоты Раимкулова Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата уюштурулуп өтүп жаткан иш-чарага келген жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, казак эли үчүн Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгын жалпы түрк дүйнөсү белгилеп жаткандыгы чоң сыймык экендигин билдирди.

Концерттик программага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөр адамдары катышуусу менен өттү. Ага төкмө акындар, опера солисттери, комузчулар жана башка өнөр адамдары катышты.

Пикир

Оставить комментарий