• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте казак номерлүү унаанын айдоочусу 2 унааны талкалады (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.17 /Кабар/. Бишкекте казак номерлүү унаа жол кырсыгына себеп болду, бирок эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу “Кабарга” окуянын күбөлөрү маалымдашты.

Авария 13:10дө Шопоков – Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Казак номерлүү “Nissan March” үлгүсүнүн аял айдоочусу ичинде эки баласы менен Жумабек көчөсүндө бара жатып, Шопоков көчөсүндө кетип жаткан “Volkswagen Vento” унаасын сүзүп, андан соң “Mercedes” менен кагылышкан.

Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий