• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте казак режиссерунун “Оралман” тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0


Бишкек, 22.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 3-мартта казак режиссеру Сабит Курманбековдун “Оралман” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тасмада Афганистанда жашаган казак үй-бүлөсүнүн тагдыры баяндалат.

“1930-жылы Казакстанда болгон репрессиядан үй-бүлө качууга мажбур болгон. Жылдар өтүп ал Казакстанга кайтууга квота алып жана артка кайтууга даярдана баштайт”,-деп айтылат тасманын анонсунда.

Билдирүүгө ылайык, “Оралман” тасмасы Тегеранда өткөн 35чи “Фаджр” эл аралык кино фестивалында “Азиянын мыкты тасмасы” наамына ээ болгон.

Тасманын бет ачары 3-мартта саат 16:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот.

Тасма тууралуу маалымат.

Режиссер: Сабит Курманбеков

Сценарийдин авторлору: Нурлан Санжар, Сабит Курманбековдун катышуусунда

Койгон-оператор: Марс Умаров

Сүрөтчү: Рустам Одинаев

Композитор: Айдос Сагатов

Ролдордо: Дулыга Акмолда, Ержан Тусупов, Есим Сегизбаев, Шынар Аскарова, Баян Кажнабиева.

Пикир

Оставить комментарий