• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте казак режиссерунун “Оралман” тасмасы көрсөтүлдү

Маданият 0


Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө казак режиссеру Сабит Курманбеков менен оператор-коючу Марс Умаровдун “Оралман” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Улуттук жазуучулар кеңешинин мүчөсү Жумахун Шарипов билдирди.

Тасмада Афганистанда жашаган казак үй-бүлөсүнүн тагдыры баяндалат.

Билдирүүгө ылайык, “Оралман” тасмасы Тегеранда өткөн 35чи “Фаджр” эл аралык кино фестивалында “Азиянын мыкты тасмасы” наамына ээ болгон.

Тасманын премьерасына Казакстандан келген коноктор, режиссер Сабит Курманбеков, оператор-коючу Марс Умаров, артист Дулыга Акмолдо, ошондой эле белгилүү киноматографисттер көрүүчүлөрдүн алдына чыгып сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий