• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бишкекте «Сабаттуу керектөөчү – жооптуу бизнес» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, иш-чара 15-мартта Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата өтүп, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Тегерек столго Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук банктын адистери, ошондой эле Бишкек шаарынын төрт районунун акимдеринин биринчи орун басарлары катышты.

Тайлаков өз сөзүндө жыл сайын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келе жаткандыгын эске салды.

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 6-7 мыйзам менен иш алып барат. Анын бирөөсү дал ушул керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамы болуп саналат. Акыркы мезгилдерде жергиликтүү бийлик органдары менен бир топ маселелерде чогуу иш алып бара жатабыз. Мындан ары да алдыда пландарыбыз көп", - деди Кеңешбай Тайлаков.

Тегерек столдун жүрүшүндө пикир алмашуу, суроо-жооптор орун алып, керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган учурда жеткиликтүү, так маалыматтар менен камсыздоо, ыкчам көмөк көрсөтүү тууралуу ар кандай сунуштар айтылды.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана керектүү маалыматтарды жеткирүүдө атайын аракеттенүү алгоритми иштелип чыгып, катышуучуларга сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий