• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кесиптер жарманкеси өттү

Билим 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Бишкектеги борбордоштурулган китепкана тутумунда кесиптер жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чарага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, №4 кесиптик лицейдин жана социалдык өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү катышышып, №70 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучуларына өз окуу жайлары тууралуу айтып беришти.

Иш чаранын максаты шаардык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө туура жана керектүү кесипти тандоого жардам берүү, ошондой эле, аларга ЖОЖдор тууралуу толук маалымат берүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий