• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кесиптик лицейлердин студенттери үчүн квалификациялык экзамендерди уюштуруу талкууланды

Билим 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Алдыңкы тажрыйба борборлору жана кесиптик лицейлер бүтүрүүчүлөр үчүн квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Семинар Баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин, Республикалык окуу-методикалык борборлорунун, Бишкектеги кесиптик лицейлердин, алдыңкы тажрыйба борборлорунун жана Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар алдыңкы тажрыйба борборлору менен лицейлердин кызматташуу формасын, 2020-жылы кесиптик компетенциялардын көз карандысыз тастыктоо элементтери менен квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү жана өндүрүштүк окутуу мастерлери үчүн окутуу курстарын уюштурууну талкуулашты.

Ошондой эле алдыңкы тажрыйба борборлору менен кесиптик лицейлердин өз ара кызматташуу каражаты катары маалымат-коммуникациялык платформа көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий