• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кесиптик техникалык билим берүү системасында Ишкердикке окутуу концепциясы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Бишкекте кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу системасында Ишкердикке окутуу концепциясын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү, анда иш-аракеттер матрицасы жана “Ишкердиктин негиздери жана ишкердик көндүмдөрү” окуу куралы презентацияланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тегерек стол министрлик тарабынан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын, КР Соода-өнөр жай палатасынын, бизнес жана өкмөттүк эмес сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

“Бүтүрүүчүлөрдүн потенциалын күчөтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча дүйнөлүк тенденциялар, ошондой эле ар кандай программалар жана иш-чаралар билим берүү программаларына ишкердик көндүмдөрүн киргизүү белгилүү бир ийгиликке алып келе тургандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу эксперттер командасы тарабынан Ишкердикке окутуу боюнча концепциянын долбоору иштелип чыккан, ал 2019-жылдын декабрь айында болуп өткөн тегерек столдо талкууланган. Аталган иш-чаранын жыйынтыгында кызыкдар тараптардан чогултулган пикирлер жана сунуштар концепцияны иштеп чыгуу процессине интеграцияланган. Ошондой эле катышуучулардын сунуштарынын негизинде “Ишкердик жана ишкердик көндүмдөрү” модулу толукталып иштелип чыккан жана азыркы учурда пилоттук колледждерде апробациядан өтүүдө”, - деп “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов айтып берди.

Тегерек столдун катышуучуларына орто кесиптик билим берүү системасында Ишкердикке окутуу концепциясынын акыркы версиясы, Концепцияны ишке киргизүү боюнча иш-аракеттер матрицасы жана “Ишкердик жана ишкердик көндүмдөрү” окуу модулу презентациялады.

Аталган документтер жыйынтыгында ишкердик көндүмдөргө окутуу тажрыйбасын илгерилетүү жана нускалоо үчүн база болуп кызмат кылат деп күтүлүүдө. Келечекте ишкердикке окутуу жаңы көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүү сыяктуу эле билим берүүнүн бардык деңгээлине мектептен баштап “Ишкердик” дисциплинасы милдеттүү катары киригизилген жогорку билим берүүгө чейин жайылтуу божомолдонууда.

Катышуучулар жаш аялдардын жана эркектердин – болочок ишкерлердин арасында жоопкерчилик, демилгечилдик маданиятын калыптандыруу үчүн колледждерде ишкердикке окутуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалымдама: “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору (СӨПИӨК) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү реформаларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Программанын негизги максаты – КТБОну башкарууну жана каржылоону чыңдоо, окутуунун сапатын жана окутуу шарттарын жакшыртуу, ошондой эле бизнес сектор менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү саналат.

Азыркы учурда КР Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн улуттук жана регионалдык, экономикалык артыкчылыктарына ылайык келүүчү сапатты, актуалдуулукту жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон КТБО системасында дээрлик макулдашылган саясат багытында негизги кадамдарды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий