• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 6-февралда өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кезектеги жарманке 2021-жылдын 6-февралында Киев жана Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Жарманке 6-февралда саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат: Эт азыктары 390 сом, жумуртка 88-92 сом, үй тооктору 180-200 каймак 220 сом, быштак 180 сом, колдун айраны 40 сом, өсүмдүк майы 112-120 сом, картошка 22-25 сом, пияз 15 сом, сабиз 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар төмөнкү номерге кайрылууга болот: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.

Эскерте кетсек, жарандардын өтүнүчү боюнча, Айыл жана суу чарба министрлиги КР өкмөтүнүн жана Бишкек шаарынын мэриясы жана менен биргеликте айыл чарба жарманкесин туруктуу негизде өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий