• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дем алыш күндөрү кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде 20-21-февраль, дем алыш күндөрү өтмөкчү.

Даректери:

1.Ленин райондук администрациясы, Чапаева-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;

2.Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайону, А.Токомбаев көчөсү;

3.Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

4.Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Жарманкедеги азык-түлүктөрдүн баалары: уй эти - 405 сом, жылкы эти - 380-390 сом, кой эти - 410 сом, тоок эти - 190-200 сом, өсүмдүк майы - 118-120 сом, жумуртка 10 даана - 85-88 сом, үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом, шекер - 56-57 сом, күрүч - 55-60 сом, алма - 30-50 сом, сабиз - 12-15 сом, картошка - 22-25 сом, пияз - 15-16 сом.

Жарманкеге катышып жаткан өндүрүшчүлөр жана фермерлердин тизмеси:

“Риха” ЖЧК, “Салих” ЖЧК, “Торо” ЖЧК , “АлХалал” ЖЧК, “Адал Азык” ЖЧК, “Альфа Трейд” ЖЧК, “Бай Элим” ЖЧК, “Дельфин трейдинг” ЖЧК, “Витал Виста” ЖЧК, ЧП “Атанмай”, “Ак-Куу” ЖЧК, “Бай Элим” ЖЧК, “Эко Тоок” ЖЧК , “Кайыңды Кант” ААК.

Пикир

Оставить комментарий