• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кезектеги кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бишкекте өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 4-жыйыны өтүүдө.

Иш-чаранын күн тартибинде соода-экономикалык, өнөр-жай жана энергетика тармагындагы өз ара кызматташууга багытталган маселелер турат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри, өкмөттөр аралык комиссияны уюштуруу боюнча куратору Космосбек Чолпонбаевдин айтуусунда, бүгүн мындай форматтагы кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйыны өтүп жатат.

"Биз мындай жыйындарда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган артыкчылыктуу багыттарды атап көрсөтөбүз. Жыйынтыгында бир протоколго кол коюлат. Башкы маселе - өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү. Бизде чоң потенциал бар экен", - деп билдирди ал.

Бүгүн эртең менен Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн бизнес-форуму старт алган. Ага Түркмөнстандан келген 37 жана Кыргызстандык 100дөн ашуун ишкер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий