• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте кезектеги «Москва кайрыктары» ыр жыйнагы сунушталды

Маданият 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Бишкекте К.Баялинов атындагы китепканада Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрүнүн, студенттердин катышуусу менен «Москва кайрыктары - 6» ыр жыйнагынын презинтациясы болуп өттү. «Москва кайрыктары» жыйнагында Москва адабий клубунун мүчөлөрү, Россияда иштеген 68 кыргыз авторлорунун ырлары жарыяланган. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун басма сөз катчысы Жумахун Шарипов кабарлады.

«Москва кайрыктары» адабий клубу 2010-жылы түзүлгөн жана Россиянын аймактарында иштеген кыргызстандык поэзия сүйүүчүлөрүн бириктирип турат», - деди Москадагы адабий клубдун Бишкек кеңсесинин жетекчиси Темирлан Атыров.

Анын айтуусунда, ушул убакыт бою клуб тарабынан 6 китеп чыгарылган; анын мүчөлөрү Сайрагүл Жолборсова, Зарыл Өмүралиева, Урмат Сатарова, Жыргалбек Шералиев КР жазуучулар союзунун мүчөсү болушту. Клубдун мүчөлөрү Самара Насырова, Зарыл Өмүралиева, Жамалкул Сабаева, Адашкан Пирматов, Темирлан Атыров, Жумадыл Токтобаев, Жаңыл мирза Жапарова, Дамир Абсатаров, Эрнис Каимовдор Бишкекте поэзия кечелерин өткөрүштү. «Ошондой эле Москвадагы адабий клубдун кеңсеси Ошто жана Нарында ачылды. Учурда кыргыз ыр чыгармачылыгына сүйүү жаратып, анын баалуу мурасын өсүп келаткан муун арасында активдүү жайылтууда. Кошумчалай кетсем, жаңы жыйнакта жаш авторлордун ырлары басымдуулук кылат», - деп белгиледи Атыров.

Жаңы басылган китеп тууралуу жалпы маалыматты басманын редактору, белгилүү акын, жаштардын адабий устаты Нурлан Калыбеков айтып берди. Эл акыны Султан Раев, эл жазуучусу Асан Жакшылыков, «Кыргыз тил» коомдук фондунун төрагасы Райымжан Курбанов, УЖСнун жооптуу катчысы, балдар жазуучусу Жылдыз Акаева, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана башкалар иш-чаранын катышуучуларына чыгып сөз сүйлөштү.

Жыйнакта ар бир автор кыскача резьюме менен жада калса телефон номери менен берилгенин кубануу менен айтып кетүү керек; Сергей Есениндин чыгармасы орус тилинде жарык көргөн, ошондой эле КРнын УЖС мүчөсү жана «Москва кайрыктары» клубунун мүчөсү, Алабука районунун Көк-Серек айылынын тургуну Акрам Турдубаев тарабынан которулуп берилген; Ноокат районунун тургуну акын Урмат Сатарова өзүнүн чеберчилигин «Уугум сага айтам…» аттуу 16 саптан турган, ар бир сабы «Ж» тамгасынан башталган ырында көрсөттү; Ат-Башы районунан болгон эң жаш акын Гүлмайрам Токтосунова ушул жылдын 18-майында 19 жашка толот.

Пэзия кечеси абдан жандуу жана кызыктуу өттү. Бишкектеги «Нурборбор», «Жаңы толкун» жана Нарындагы адабий клубдардын мүчөлөрү ыр окушту, Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын жаш таланттары иш-чараны сүйүктүү кайрыктар менен кооздошту.

«Москва кайрыктары» клубунун өнүгүүсүнө чыгармачыл салымын кошкондугу үчүн бирикменин жетекчилери Багытбек Бапановго, Нурлан Калыбековго жана Айбек Асанбек уулуна клубдун ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий