• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Милиция коопсуздук чараларын күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Бишкекте 3-5-март күндөрү хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионаты өтөт. Ага байланыштуу Ички иштер министрлигинин жалпы Кыргызстандын аймагында жана Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 26-февралынан тарта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан КРнын бардык облус, райондорунда жана Ош жана Бишкек шаарында ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлө баштайт.

"Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүдө жарандардын, меймандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо – ИИМдин башкы багыттарынын бири болуп саналат. Иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын каттоосунда тургандардын кылмыштарды жана укук бузууларды жасоосун алдын алууга, андан сырткары, үй-бүлөлүк-тиричилик мамилелер чөйрөсүндө кылмыштарды жана коомдук жайлардагы укук бузууларды алдын алууга багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт. Укук бузуулардын алдын алуу менен бирге коомдук тартипти сактоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча комплекстүү иш -аралар да жүргүзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү коомдук жайларда жана оюн-зоок мекемелеринде кылмыштарды жана укук бузуулардын санын азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана кылмыштарды төмөндөтүүгө багытталган.

"Милициянын кызматтары тарабынан коомдук-саясий жана ыкчам абал талданып, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга жана эскертүүгө чаралар көрүлүүдө. Массалык иш-чаралар өтө турган жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп, маанилүү обьекттер өзгөчө көзөмөлгө алынат", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий