• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Хоккей боюнча эл аралык биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМдүн Хоккей боюнча эл аралык ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирге 2012, 2013 жана 2014-жылы туулган Казакстан жана Кыргызстандан: ХК "Торнадо" (Шымкент ш., Скиф "(Алматы ш.) ХК "Аюулар 1" (Алматы ш.), ХК "Аюулар 2" (Алматы ш.), ХК "Локомотив" (Бишкек ш.), ХК "Алга" (Бишкек ш.), ХК "Алга Юниор" (Бишкек ш.) командалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Казакстандын "Медведи 1" хоккей командасы жеңүүчү болду, II орунду Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ, Алма-Ата шаарынын "Скиф" командасы 3-орунду ээледи. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор жана медалдар тапшырылды.

Бардык матчтардын жыйынтыгында төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: "Эң мыкты чабуулчу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Жаш оюнчу", "Баалуу оюнчу", "Мыкты ассистент", "Мыкты снайпер", "Мыкты бомбардир", "Эң кооз гол". Турнирдин жабылыш аземи КР шайба менен хоккей федерациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Бардык жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий