• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Хонданын" айдоочусу жөө адамды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бишкекте "Хонда" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп кетти, - деп билдирет Бишкек шаардык ИИБнин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.

Маалыматка ылайык, 27-июнда болжол менен саат 09:04дө Honda Civic унаасын башкарып келе жаткан Д.В., аттуу айдоочу Ибраимов көчөсүндө жөө адамды сүзүп алган.

Кырсыктын натыйжасында жабыркаган адам тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Ал эми унаа айып унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий