• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Кичи автобус” аталыштагы рейд өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 22нен 24-март күндөрү “Кич автобус” аталыштагы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара унаанын техникалык абалын текшерүү максатында, тагыраагы механикалык көзөмөлдөө максатында уюштурулууда.

Ага байланыштуу ЖКККББнын кызматкерлери тышкы көрүнүшүн, унаалардын техникалык абалын, жүргүнчүлүк орундун санын жана аялдамада токтоо эрежесин текшеришкен.

Жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга карата техникалык абалы начар болгондугуна байланыштуу 67 административдик протокол түзүлгөн. Айып токтотуучу жайга 8 кичи автобус токтотулган.

Аталган багыт боюнча иш уланат.

Пикир

Оставить комментарий