• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 18 футбол командасы Октябрь районунун кубогу үчүн мелдешти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке Октябрь районунун жашоочулары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында жеңүүчүлөр:
1 – орун-Октябрь районунун ИИБ;
2 – орун-Октябрь районунун ӨКБ;
3 – орун-Октябрь районунун МСКБ.

Райондун жашоочулары арасында байгелүү орундарды ээледи:
1-орун - 3- кичирайон (№11 МАБ);
2-орун - Чоң-Таш;
3-орун - 8- кичи район (№8 МАБ);

Жеңүүчүлөргө кубоктор жана медалдар тапшырылды.

Турнир спортту өнүктүрүү жана шаар тургундарынын арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында Октябрь районунун администрациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий