• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кичинекей кызды өөп, ага акча берген адамдын өздүгү такталууда – милиция

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Кичинекей кызды өөп, ага акча берген адамдын өздүгү такталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факты Свердлов райондук ИИБде каттоого алынган, учурда эркек кишинин өздүгү такталууда.

Эске сала кетсек, күн мурун facebook социалдык тармагында эркек киши кызга акча берип, андан соң аны өпкөн видео тараган.

Окуя 28-январда Аламедин-1 районундагы куруучулар шаарчасында болгондугу айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий