• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кичинекей кыздын алтын сөйкөсүн чечип алган 19 жаштагы эки кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Бишкекте кичинекей кыздын алтын сөйкөсүн чечип алган 19 жаштагы эки кыз кармалды.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, белгисиз эки кыз кызынын кулагынан алтын сөйкөсүн чечип алгандыгын билип калган аял милицияга арыз жазган.

Аталган факт Октябрь райондук ИИБде каттоого алынып, КРнын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган "А.М", жана "Т.К"., аттуу эки кыз кармалган.

Кармалган кыздардын дарегине карата Октябрь райондук ИИБне дагы 5 арыз келип түшкөн.

Шектүү кыздардын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынышкан, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

"Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер сүрөттө көрүп турган кыздар тарабынан алдамчылыкка кабылган болсоңуз, анда төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0553) 102-243, (0703) 00-36-00", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий