• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кино чыгармачылыгына арналган "Кино-шам" иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Кыргызпатент Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясы жана «Тамчы Тасма» продакшн-студиясы менен бирге «Кино-шам» тематикалык пикир алмашуу (Нетворк) иш-чарасын өкөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Нетворкингдин максаты – креативдүү чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүү, киноиндустриядагы автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди каттоо, заманбап турмушта кыргыз тасмаларын өндүрүү боюнча коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу.

Тематикалык пикир алмашуу иш-чарасын Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, кыргыз кино тармагынын келечегине ишене тургандыгын билдирип, Кыргызпатент кино чөйрөсүн ар тараптан колдооого даяр экендигин билгиледи.

"Кино-Шам" иш-чарасына белгилүү маданий ишмерлер, режиссерлор жана кино актерлор катышып, Кыргызстандагы киноиндустриянын бүгүнкүсүн жана келечегин талкуулашты.

Кино чыгармачылыкка арналган иш-чара Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий