• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте кинорежиссер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Бишкекте белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачары болду. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев, Шамшиевдин үй-бүлөсү, кесиптештери жана коомдук-маданий ишмерлер катышты.

Белгилүү кинорежиссер "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.

Болот Шамшиев "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий