• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана көңүл ачуучу жайлар иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-ноябрда шаардын аймагындагы ишкердик субъектилердин ишин жандандыруу боюнча токтомго кол коюлду.

“Ал мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, кире бериште фильтр, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандарда беткап болуп, шахматтык негизде отурушу керек”, - дейт ал.

Ошондой эле вице-мэр борбор калаадагы ресторан жана көңүл ачуучу жайлар ишин жандантып жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий