• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кинотеатр менен фуд-кортторду ачуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбай Түлөбаев мэрияда өткөн жыйында кинотеатр менен фуд-кортторду ачууну сунуштады.

“Кинотеатр менен фуд-корттордун ээлери чоң чыгым тартып жатышат. Учурда борбор калаада абал өтө курч эмес. Эгер алар санитардык эрежелерди сактай турган болсо, кинотеатр менен фуд-кортторду ачууга болот”, - деди ал.

Аны менен бирге ал шаарда ресторан менен түнкү клубдар жабылбай турганын айтып өттү. Ошондой эле ал муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерди жаңы жылдык кечелерди уюштурбоого чакырды.

“Биз өзүбүз тыюу салып, кайра өзүбүз катышып жатабыз. Биз жарандарга үлгү көрсөтүп, жаңы жылдык кечелерден баш тарталы”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий