• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте кирдетүүчү заттардын концентрациялары орточо суткалык нормадан 9,8 эсе жогору

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарында кирдетүүчү заттардын концентрациялары орточо суткалык нормадан 9,8 эсе жогору. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Гидрометеорология боюнча агенттигинин (Кыргызгидромет) өкүлү Бегайым Алипова билдирди.

Анын айтымында, агенттик абанын булганышын 60-жылдардан бери текшерип келет.

"Текшерүү өлкөнүн 5 шаары боюнча жүргүзүлөт: Бишкек, Ош, Кара-Балта, Чолпон-Ата, Токмок. Бишкектеги 7 стационардык пост жана бир автоматтык станциядан алынган маалыматка ылайык анализ жүргүзүлдү. Алсак, кечээ, 14-декабрда орточо суткалык нормадан көмүртек кычкылы 2,5 эсе, азот кычкылы 1,8 эсе көп болгон. Бишкектин түштүк-батыш тарабында жайгашкан автоматтык станциянын маалыматы боюнча 14-декабрда абада кармалган бардык кирдетүүчү заттардын концентрациялары орточо суткалык нормадан 9,8 эсе жогору болгон", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий