• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте киши 9 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектин түштүк-чыгышындагы “Көк-Жар” жаңы конушунда бир киши 9 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга кызды зордуктоо аракети тууралуу маалымат 3-апрелде сат 15:30 түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, эркек киши 2009-жылы туулган кызга келип, анын ата-энесине акча бериши керектигин айтып, үйдүн артына алып барып зордуктоого аракет кылган. Башка элдердин үндөрүн угуп калып качып кеткен.

Окуучу кыздын ата-энеси зордуктоо фактысы болбогондуктан арыз жазып, соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий