• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "КИТ 2019" аталышындагы ири IT форум өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Бишкекте "КИТ 2019" аталышындагы ири IT форум өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев билдирди.

Анын айтымында, форум "Санарип Кыргызстан 2019-2023" концепциясынын кабыл алынышына колдоо көрсөтүүнүн негизинде өтөт.

"Форумда мамлекеттик комитет тарабынан түзүлгөн "Мамлекет бир платформа" санариптик концепт көрсөтүлөт. Биз кандай жетишкендиктерге жеткендигибиз тартууланат. Концептин максаты Кыргызстандын бүтүндөй жарандарына каалаган жерде сапаттуу, ыңгайлуу жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү. Биз уюлдук оператор кызматы менен тыгыз иштешип келебиз жана жакынкы күндөрү банк тармагы да кошулат", - деди Жылышбаев.

"Интернет саясаты жарандык демилге" коомдук уюмдун директору Татту Мамбеталиева белгилегендей, аталган форум 15-ирет өткөрүлүп жатат.

"Бул форумга эл аралык адистер келет. Биз эми өзүбүздүн долбоорлорубузду жана жетишкендиктерибизди башкаларга көрсөтө алабыз", - дейт Мамбеталиева

"КИТ 2019" форумуна 2 миңден ашык адам келээри күтүлүүдө, ошондой эле, Россия, Казакстан, Украина, Финляндия жана АКШ болуп 10 чет элдик спикерлер келет.

Иш-чара 24-сентябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий