• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте китеп күнүн белгилешти

Маданият 0

Бишкек, 21-апрель /Бегайым Кубаныч - Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Курманжан Датка аянтында “Китеп кербени” иш-чарасында китеп күнүн белгилешти.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Ф.Бекмамбетов, билим берүү жана илим министринин орун басары А.Жураев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни, ошондой эле мектеп окуучулары жана шаар меймандары катышышты.

“Мен мындай жагымдуу иш-чарага катышканыма кубанычтамын. Кыргызстан жана АКШ 25 жылдан бери кызматташып келишет. Биз мамилелерибизди терең урматтайбыз. АКШ Өкмөтү КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен көп жылдардан бери кызматташат. Бүгүн бул жерде баштаган Америка кербени бүт дүйнөнү кыдырып чыгат деп ишенебиз”, - деп белгиледи Ш.Гуолтни.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Китеп искусствосу” сынагынын жеңүүчүлөрүнө 7 номинацияда сыйлыктар тапшырылды. Сынактын гран-приси – “Алтын Мурас” статуясы жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы ARCUS басмасына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий