• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Китеп менен бирге эс алабыз” акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.08.19 /Кабар/. Бишкекте 29-август күнү “Китеп менен бирге эс алабыз” акциясы өтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, шаардагы китепканалар жайкы мезгилде шаар тургундары эс алган жайларда китеп көргөзмөлөрүн өткөрүп келишет.

Жаш Гвардия бульварында Ж.Турусбеков атындагы №2 китепканасынын “Китеп – алтын кенч” аттуу көргөзмөсү өтүүдө.

Андан сыткары, Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн шаар тургундары Чыңгыз Айтматов атындагы №1 китепкананын көргөзмөсүнө баш багып, залкар жазуучунун чыгармачылыгы менен жакындан таанышууга мүмкүндүн алышат.

Пикир

Оставить комментарий