• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Китеп менен эс алуу” акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 1-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кара жыгач сейил багында 7-18-августка чейин саат 14:00дөн 16:00гө чейин “Китеп менен эс ал” акциясы өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын берген маалыматына ылайык, иш чара Борбордук китепкана менен биргеликте уюштурулууда. Акциянын алкагында оюндар, мастер-класстар, кызыктуу таймаштар жана китеп көргөзмөсүн уюштуруу пландалган.

Бардык катышуучуларга эстеликке белектер берилет.

Пикир

Оставить комментарий