• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте KitepFest 2018 адабий фестивалы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.11.18 /Кабар/. Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү KitepFest 2018 фестивалы өтүүдө. Иш-чара Антуан де Сент-Экзюперинин "Кичинекей ханзаада" аталышындагы жомогунун 75 жылдыгына арналган. Фестивалдын алкагында коноктор "Шыкты издей" аталышындагы форумга катышса болот. Анда өзгөчө кесиптердин ээлери башынан өткөн окуяларын айтып беришет.

Андан сырткары жарманке уюштурулуп, анда жаңы китептер сатылат. Коноктор башкалар менен сүйүктүү китептери менен алмашып алса болот.

Ошондой эле жаш автор Мирсаид Касымовдун жаңы китебинин бет ачары өтүп, андан соң каалаган адам өзүнүн чыгармачылыгы менен бөлүшө ала турган эркин поэтикалык микрофон жарыяланат.

Фестивалдын кичинекей коноктору үчүн искусствонун түрдүү тармактары боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий