• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте китепкана күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусунда “Китепкана күнү” белгиленди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш–чара онлайн форматтында өтүп, республикалык, облустук жана райондук китепкана жетекчилери да катышышты.

Кайрат Иманалиев жалпы китепкана системасында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.

“Китепкана ар бир окурмандын жан дүйнөсүнө, эс тутумуна жана дүйнө таанымына салым кошо турган өзгөчө тармак. Учурда республика боюнча 1 064 китепкана бар. Ар бир китепкана заман талабына ылайыкташып иштеп, чоң маалыматтык борборго айланууда. Санариптешүү доорунда китепкана системасы башка тармактар менен бирге өз вазыйпасын жогорку деңгээлде аткарып келет. Биздин изги тилегибиз, өсүп келе жаткан муундун китепке болгон сүйүүсү, табити жана талабы жогорулап, ар бир китепкананын окуу залдарынан окурмандар үзүлбөй турса экен деп тилейбиз. Ал эми, китепканачылар аларды тейлөөдө бардык маалыматтык ресурстарды колдонуу аркылуу, артыкчылык көргөзөт деген ишенимдебиз. Жалпы китепкана системасында жасала турган комплекстүү иш- чаралар арбын. Алар имарат маселеси, китеп фондусу, заманбап тейлөө жана китепканачылардын кесиптик билимин жогорулатуучу жана тажрыйба алмашуучу республикалык жана эл аралык деңгээлде форумдарды, тегерек столдорду жана жыйындарды өткөрүү турат. Ушул жылдын июль айынан тартып, маданият тармагынын айлыгы көтөрүлөт. Алардын арасында китепкана системасы дагы бар. Андыктан, ар бириңиздерге бекем ден-соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм”, - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Эске салсак, Кыргызстанда китепкана күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы токтому менен китепканаларды өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Учурда республикалык маанидеги 2, 11 облустук, 39 райондук, 86 шаардык, 35 балдар, 8 облустук китепканалардын филиалдары жана 883 айылдык китепкана бар.

Пикир

Оставить комментарий