• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте китепканачылардын фестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.10.17. /Кабар/. Бишкектин борбордоштурулган китепкана тутумунда китепканачылардын фестивалы өттү. Иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча иш-чарага мэриянын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев, шаардын төрт районунун кызматкерлери, ошондой эле окурмандар катышышты.

“Свердлов району эстафетаны өткөрүп алып, окурмандарды театрдык оюн менен таң калтырышты. Октябрь райондук китепканачылар акылдуу, турмуштук макал-лакаптарын айтып беришти. Андан соң кезек поэзтяга берилди”,- дешти мэриядан.

Акын Бердибек Жагырчиев ырларын окуп берди. Борбордоштурулган китепкана тутумунун бардык катышуучулары аккордеондун коштоосунда “Бишкегим” ырын аткарышты.

Фестивалдын жүрүшүндө БКТ иши тууралуу бет ачар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий